Апта башында Бишкекте күн ачык болот. 7-9-сентябрга карата аба ырайы
08:35, 07 сентября 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте апта башында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер ушундай алдын ала болжолдоолорду беришүүдө.
7-8-сентябрда күн ачык болот. Түнкүсүн +13...+15 градус, күндүз термометр көрсөткүчү +32 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонууда.
9-сентябрда өзгөрмөлүү булуттуулук күтүлөт. Түнкүсүн абанын температурасы +17 градуска чейин төмөндөп, күндүз +33 градуска чейин жылыйт.