Көчмөндөр оюндарында 3 миң спортчу катышты жана 600дөн ашык маданий иш-чара өттү
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынтыктоочу пресс-конференция 6-сентябрда өткөнүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Оюндардын маданий программасынын алкагында өлкө боюнча 600дөн ашык иш-чара өттү. Алардын арасында — эл аралык фестивалдар, концерттер, театрлаштырылган перфоманстар, көргөзмөлөр, мастер-класстар, айтыштар, чыгармачыл сынактар жана этномаданий долбоорлор бар.

Башкы аянтчалардын бири Кырчын жайлоосу болуп, ал жерде «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасы уюштурулду. Ал жерде Кыргызстандын аймактарынын маданияты, улуттук кол өнөрчүлүк, ашкана, музыка жана салттуу искусство тартууланды.
«Рух Ордо» маданий комплексинде өткөн «Көчмөндөр санаты» эл аралык фестивалына 38 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары «Көчмөндөр жаңырыгы», NOMAD FEST фестивалдары, Art Lab чыгармачылык лабораториясы жана башка иш-чаралар өттү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коноктору катары маданияттын, кинонун жана спорттун белгилүү өкүлдөрү келишти. Алардын арасында музыкант Лео Рохас, AY YOLA тобу, спортчулар Валентина Шевченко жана Дмитрий Бивол, актёрлор Бай Лин жана Дон «Дракон» Уилсон, ошондой эле башка чет элдик меймандар бар.
Оюндарды чагылдыруу үчүн жергиликтүү ЖМКлардын 2 миңге чукул өкүлү аккредитациядан өттү. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 250гө жакын журналист келди.
Маданият министрлигинен белгилешкендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук жана маданий программаларды бириктирип, көчмөн элдердин каада-салты менен мурасына арналган эң ири эл аралык аянтчалардын бирине айланды.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта «Бишкек Арена» стадионунда ачылган. Салтанаттуу ачылыш аземинде катышуучу өлкөлөрдүн делегацияларынын парады өттү. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Оюндарга дүйнөнүн 104 өлкөсүнөн 3 миңден ашык спортчу катышты.