USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Кыргызстан курамасы көкпарда Казакстанды 7:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды

08:05, 07 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча Кыргызстан курамасы Казакстандын командасын 7:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Эскерте кетсек, чийинге улак төмөнкү катарда аталган Кыргызстандын оюнчулары тарабынан салынды:

1. Русланов Дастан

2. Ниязов Манас

3. Русланов Дастан

4. Эсен уулу Өмүрбек

5. Русланов Дастан

6. Манас Ниязов

7. Бекболот уулу Исхак

Беттеш курч жана кызыктуу өтүп, эки команданын спортчулары ат үстүндө чеберчилигин көрсөтүштү.

Оюндун жүрүшүндө күйөрмандар командаларды кызуу колдоп, ар бир салынган улакка өзгөчө маанай жаралды.

Ат майдандын трибуналарын толтурган көрүүчүлөр беттешке чоң кызыгуу менен күбө болушту

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика