Көчмөндөр оюндары-2026: Орусия көкпар боюнча коло медаль утту
12:29, 05 сентября 2026, Бишкек - 24.kg
Россиянын курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча мелдеште коло медалга ээ болду.
Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Россиянын курамасы Өзбекстандын курама командасы менен кез келди. Оюн 5:4 эсебинде Россиянын пайдасына аяктады.
Финалда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешет.