Непалдагы селден каза болгондордун саны дээрлик 1,3 миң адамга жетти
Непалдагы катуу селдин кесепетинен каза болгондордун саны 1 287 адамга жетти. Бул тууралуу Непалдын Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук башкармалыгы X социалдык тармагына билдирди.
Курман болгондордун басымдуу бөлүгү Читван, Чыгыш Навалпараси жана Батыш Навалпараси райондоруна туура келери белгиленет — тиешелүүлүгүнө жараша 359, 219 жана 212 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата өзгөчө кырдаалдар кызматтары 13 миңден ашуун адамды куткарып калышты. 5 миңден ашык адам дагы эле дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. Атап айтканда, Расува жана Нувакот райондорунда — болжол менен 2130 жана 2340 адам. Дайынсыз жоголгондордун арасында 583 чет элдик жаран да бар.
Кырсык болгон райондордо издөө-куткаруу операцияларына коопсуздук күчтөрүнүн 21 миңден ашуун кызматкери тартылган.
Эске салсак, сел Непалдын түндүк райондорун 26-августта каптаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, капысынан болгон селге жер титирөөдөн улам мөңгүнүн көчкөнү себеп болушу мүмкүн. Мөңгү тектери урап түшүп, артынан ылай-таш агымы башталган. Натыйжада Непал-Кытай чек ара өткөрмө пункту Расувагадиден түндүк-чыгышты көздөй болжол менен 20 чакырымдай аралыкта агып өткөн Лхенде-Кхола дарыясы боюнча суу ташкындап аккан.