Кыргызстан курамасынын футболчусу хорватиялык клубка өттү
Кыргызстан курамасынын жарым коргоочусу Эрбол Атабаев европалык «Локомотив Загреб» (Хорватия) клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлап, бул трансферди тарыхый окуя деп атады.
Маалыматка ылайык, Атабаев ата мекендик «Мурас Юнайтед» клубунда ойногон. Келишим бир жылга түзүлүп, аны дагы эки жылга узартуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Атабаев ата мекендик клуб трансфердик төлөм алган кыргызстандык футболчулардын бири болуп калды. Бул кыргыз футболунун өнүгүшү үчүн өзгөчө мааниге ээ жана эл аралык аренада биздин оюнчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.