Непалдагы селден каза болгондордун саны 1 миң 3 адамга жетти. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги Непалдын Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгына шилтеме берүү менен кабарлады.

«Күтүүсүздөн келген кыйраткыч селдин кесепетинен кеминде 1 миң 3 адам каза болду», — деп айтылат билдирүүдө.
Дагы 4,5 миң жаран дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат.
Эске салсак, 26-август күнү эртең менен Непалда муз-таш көчкүсү түшүп, Бхоте-Коши дарыясында суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндүктөн сел жүргөн. Табигый кырсык бир нече калктуу конуштарды, жолдорду жана гидроэнергетикалык объекттерди талкалаган. Ошондой эле ылай-таш агымы Кытайдын Тибет автономдук районунун Гьирунг уездиндеги чек ара пунктун агызып кеткен.
Буга чейин Кыргызстандын ТИМи кытай тараптын алдын ала маалыматы боюнча, Тибетте жана Непалда каза болгондордун жана жоголгондордун арасында КР жарандары жок экенин билдирген.