Бүгүн ЖКнын VIII чакырылышы жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштайт
VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңеш экинчи сессиясын 2-сентябрда ачат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, депутаттар биринчи сессияны 25-июнда аяктап, каникулга кетишкен.
Сессиялык мезгилде парламентке 182 мыйзам долбоору келип түшүп, анын 145и кабыл алынса, Президент алардын 94үнө кол койгон.
Кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун: 115и — Министрлер кабинети тарабынан, 23ү — ЖК депутаттары тарабынан, 6сы — Президент тарабынан, 1өө — Башкы прокуратура тарабынан демилгеленген.