Шашылыш билдирүү: Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
2-сентябрдан 5-сентябрга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордун тургундарына жана конокторуна этият болуу, дарыя нуктарынын жана суу сактагычтардын жанында болбоо, ошондой эле тоолуу аймактарга сапарларды пландаштырууда мүмкүн болгон тобокелчиликтерди эске алуу сунушталат.