USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу: Бүгүндөн тарта берүү тартиби өзгөрөт

08:15, 01 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоо тартиби өзгөрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 1-сентябрдан тартып министрлер кабинетинин токтому менен жөлөк пул алууга муктаждыкты аныктоонун жаңы критерийлери киргизилет.

Ага ылайык, кепилденген эң төмөнкү киреше 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин жогорулатылат. Ошондой эле үй-бүлөнүн жеңил унаасынын чыгарылганына 15 жылдан ашкан болсо, жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгү каралат.

Мындан тышкары, эки жана андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөк пул алуудан четтетилет. Айыл жерлеринде жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешени эсептөө нормативдери да жаңыланат.

Өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жөлөк пул менен камтууну кеңейтүүгө жана социалдык жардамдын даректүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика