USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

УЕФА президенти Александер Чеферин Кыргызстанга биринчи жолу келди

14:35, 31 августа 2026, Бишкек - 24.kg

УЕФА президенти Александер Чеферин Бишкекке биринчи жолу келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Сапардын алкагында Европа футбол ассоциациялары союзунун башчысынын өлкө жетекчилигинин өкүлдөрү жана КФБ менен жолугушуулары пландаштырылган.

УЕФА президенти Александер Чеферин Кыргызстанга биринчи жолу келди

Александер Чефериндин Кыргызстандагы эң ири, 51 миң көрүүчүгө эсептелген «Бишкек Арена» жаңы стадионунун ачылышына байланыштуу иш-чараларга катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстан үчүн УЕФА президентинин сапары маанилүү окуя жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого карай дагы бир кадам болот, деп айтылат билдирүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика