Тибеттеги сел: Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты
Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Кытайдын Тибет автоном районундагы селдин кесепетинен адамдар каза болгондугуна жана дайынсыз жоголгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаардык округуна караштуу Гьиронг уездинде болгон селдин кесепетинен адамдар каза болду жана дайынсыз жоголду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Эске салсак, 26-августта Кытай менен Непалдын чек арасындагы Шигадзе шаардык округунун Гьиронг уездинде сел жүргөн. 28-августка карата маалымат боюнча, Тибеттеги табигый кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, дагы 558 киши дайынсыз жоголууда, алардын ичинде 260 чет элдик жаран бар. Коңшу Непалда каза болгондордун саны 469 адамга жетип, миңге чукул киши дайынсыз болууда.
Кечээ Кыргызстандын ТИМи Кытай тараптын алдын ала маалыматы боюнча Тибетте жана Непалда каза болгондор менен дайынсыз жоголгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин кабарлаган.