USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Польша- 2026: Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча турнирде алтын медаль утту

11:18, 28 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Польшада өтүп жаткан «Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026» эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.

Балбан 67 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшүнөн күч сынашып, финалда Норвегиядан келген Ховард Йёргенсенди жеңди.

Раззак Бейшекеев алтын медаль утту

Эскерте кетсек, Польшадагы мелдеш 30-августка чейин уланат. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын атынан 9 грек-рим күрөшчүсү, кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан кыз кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика