Футбол боюнча Кыргызстан Кубогу: «Мурас Юнайтед» жана «Нефтчи» финалга чыкты
Футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунун финалисттери аныкталды. Жарым финалдык беттештер кечээ болуп өттү.
Манас шаарынын «Мурас Юнайтед» командасы өз талаасында Караколдун «Барс» клубун 8:2 эсебинде жеңип алды.
Экинчи жарым финалда Оштун «Алай» клубу Кочкор-Атанын «Нефтчисин» кабыл алды. Негизги убакыт тең чыгуу менен аяктап, пенальти сериясында «Нефтчи» 7:6 эсебинде күчтүүрөөк болду.
Ошентип, финалда Жалал-Абад облусунан чыккан эки клуб — «Мурас Юнайтед» менен «Нефтчи» кез келет. Чечүүчү оюн 26-сентябрда өтөт.
Өткөн жылы Кыргызстандын Кубогун борбордук «Дордой» клубу жеңип алган.