USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кыргыз футбол курама командасынын жаңы машыктыруучусунун келишим шарттары аталды

07:36, 28 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов менен Кыргыз футбол биримдигинин ортосундагы келишимдин шарттары белгилүү болду.

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медер Сыдыковдун айтымында, келишим 2030-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун аягына чейин жарактуу болуп эсептелет.

ФИФА Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун жана финалдык этабынын форматы тууралуу маалыматты азырынча жарыялай элек. Ошондой эле мелдештин финалдык баскычына катышуучулардын так саны да белгисиз. 2026-жылы Канада, Мексика жана АКШда өткөн турнирдин финалдык бөлүгүндө 48 команда ойногон.

2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын «Азия» зонасындагы тандоо туру 2023-жылдын күзүндө башталып, Кыргызстан курамасы экинчи раунддан тарта катышкан.

Сыдыковдун айтымында, эгер улуттук курама ар бир раунддан өтүп турса, Абдукаимов менен келишим автоматтык түрдө узартылат.

«Команданын 2027-жылдагы Азия Кубогундагы жыйынтыгына карабастан машыктыруучу өз ордун сактап калат. Биз узак мөөнөттүү долбоор куруп жатабыз», — деди Сыдыков.

2027-жылдагы Азия Кубогунун финалдык баскычы январда Сауд Арабиясында өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика