USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө болду

07:36, 21 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн эртең менен күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.

Жер астындагы силкинүү саат 6.22де катталган. Жер титирөөнүн очогу эки өлкөнүн чек арасында — Ачык-Суу айылынан түштүктү карай 15 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 137 чакырым алыстыкта жайгашканы белгиленет.

Жер титирөөнүн күчү Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чукул болгон.

Адистер ошондой эле кечээ саат 23.09да Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында да күчү 3 баллга чукул сейсмикалык активдүүлүктү катташкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында бул жер титирөө сезилген эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика