Кыргызстанда кайрадан жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер силкинүү 13-августта саат 2:49да катталган. Силкинүү күчү 3,5 баллга бааланды.
Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында: Кара-Сай айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта, Барскоон айылынан 53 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кара-Сай айылында 2,5 баллга жеткен.