USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Сейсмология институту Кыргызстанда үч жер титирөөнү каттады

08:51, 10 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда кечээ үч жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Биринчи жер титирөө жекшемби күнү саат 09:33тө катталып, силкинүүнүн күчү болжол менен 3 баллга жеткен. Очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында: Кочубаев айылынан түндүк-батышты карай 7 чакырым, Араван айылынан түндүк-батышты карай 13 чакырым, Анжияндан (Өзбекстан) түштүктү карай 28 чакырым жана Ош шаарынан батышты карай 36 чакырым аралыкта жайгашкан. Күчү Кочубаев айылында 2 баллды түзгөн.

Саат 18:33тө сейсмологдор күчү болжол менен 3,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөөнү катташкан. Очогу Кыргызстандын аймагында: Жар-Башы айылынан түштүк-батышты карай 6 чакырым, Кулчу айылынан түндүк-чыгышты карай 7 чакырым, Шибээ айылынан түштүк-чыгышты карай 15 чакырым жана Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 126 чакырым аралыкта жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Чак, Кулчу жана Шибээ айылдарында 2,5 баллды түзгөн.

Үчүнчү сейсмикалык активдүүлүк саат 21:42де болуп, күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: Нура айылынан түштүк-батышты карай 3 чакырым, Эркечтам айылынан түштүк-чыгышты карай 5 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 135 чакырым аралыкта жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Нура жана Эркечтам айылдарында болжол менен 3 баллды түзгөн.

КР УИАнын Сейсмология институту ошондой эле 8-августта саат 10:23тө күчү 2,5 баллга жеткен жер силкинүүнү каттаган. Жер титирөөнүн очогу Новопавловка айылынан түштүк-батышты карай 4 чакырым, Бишкек шаарынан батышты карай 10 чакырым жана Сокулук айылынан чыгышты карай 15 чакырым аралыкта жайгашкан. Анын силкинүүсү сезилген эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика