USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кыргызстандын чек арасында кайрадан эки жер титирөө катталды

12:35, 10 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту Кыргызстандын чек арасында кайрадан эки жер титирөө катталгандыгын кабарлады.

Биринчиси, күчү 3 баллга жеткен жер титирөө 9-июлда саат 20.45те болгон. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында: Бүргөндү айылынан түндүк-чыгышты карай 6 чакырым, Үч-Коргон айылынан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым, Андижандан (Өзбекстан) түндүк-батышты карай 30 чакырым, Манас шаарынан түндүк-батышты карай 60 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү 2 баллды түздү.

Экинчи сейсмикалык активдүүлүк — күчү 4 баллга жеткен жер титирөө бүгүн түнү саат 1.59да катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, Талас кырка тоолорунун аймагында: Көк-Сай айылынан түштүк-батышты карай 30 чакырым, Тараздан (Казакстан) түштүк-батышты карай 76 чакырым, Талас шаарынан түштүк-батышты карай 115 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Көк-Сай, Айна, Кайнар, Арча-Гүл, Шекер айылдарында болжол менен 2,5 баллды түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика