13:12, 08 июля 2026, Бишкек - 24.kg
Оштогу базарлардын биринде болгон жаңжалда жабыркаган фермер Сталбек Курманалиев бүгүнкү жыйнаган кулпунай түшүмүн шаардык карылар үйүнө өткөрүп берүүнү чечти.
Ал 24.kg агенттигине билдиргендей, ушундай жол менен ал болгон окуядан кийин өзүнө колдоо көрсөткөн элге ыраазычылык билдирүүнү каалайт.
«Мындан тышкары, менин банктык картама 80 миң сомго жакын акча которушту. Бул каражатты да кайрымдуулукка жумшагым келип жатат», — деди фермер.
Анын айтымында, кулпунай аянты анча чоң эмес — болгону 25 сотых. Окуядан кийин көпчүлүк адамдар түз эле талаага келип, түшүмдү ошол жерден сатып ала башташкан. Ошондой эле Сталбек Курманалиевдин Instagram баракчасына 90 миңге чукул киши катталды. Анын видеолору миллиондогон көрүүлөрдү топтоп, ал эми комментарийлерде колдонуучулар колдоо сөздөрүн калтырып, түрдүү кызматтарды акысыз көрсөтүүнү сунуштап жатышат.
Эске салсак, 4-июлда социалдык тармактарда Оштогу базарлардын биринде болгон жаңжалдын видеосу тараган. Анда бир топ аял киши түрткүлөп, сабап жатканын көрүүгө болот. Кийинчерээк жабырлануучу кулпунай сатуу үчүн келген фермер экени белгилүү болгон. Окуядан кийин Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жабырлануучу менен жолугушкан. Фермерге жаңы базардан соода орду берилген.
Бул окуя боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, төрт шектүүгө айып тагылган: алардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирөө үй камагына чыгарылган.