Өткөн түнү Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды

09:03, 08 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Өткөн түнү Кыргызстанда бир убакта эки жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи жердин силкинүүсү 8-июлда түнкү саат 1.54тө 4 баллдык интенсивдүүлүк менен катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан аймагында жайгашкан: Тоскоол айылынан түштүк-батышты карай 7 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышты карай 22 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-батышты карай 35 чакырым аралыкта.

Жер титирөөнүн күчү Тоскоол, Кара-Булак, Гелеген айылдарында — 4 балл, Эски-Массы, Алма, Кызыл-Октябрь, Массы, Советское айылдарында — 3,5 балл, Майлуу-Суу шаарында, Базар-Коргон, Кочкор-Ата, Үч-Булак айылдарында — 3 балл, Арсланбоб, Жай-Терек айылдарында жана Манас шаарында — 2,5 баллга жеткен.

Сейсмологдор ошондой эле бүгүн таңкы саат 4.42де болгон экинчи жер титирөөнү да катташты. Анын күчү 4,5 баллды түздү.

Бул жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында: Кара-Тейит айылынан түштүк-батышты карай 40 чакырым жана Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 110 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын Кара-Тейит, Карамык айылдарында — 3 балл, Шибээ жана Кулчу айылдарында — 2,5 баллды түздү.