Дүйнө чемпионаты −2026: Аргентина Египетти жеңгенден кийин Месси ыйлап жиберди

07:45, 08 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Аргентинанын жылдызы Лионель Месси 1/8 финалындагы командасы 0:2 эсебинде утулуп жатып, жыйынтыгында Египетти жеңип кеткен беттештен кийин ыйлап жиберди.

Оюн «Мерседес-Бенц Стэдиум» стадионунда (Атланта, АКШ) өттү. Башкы калыс Франсуа Летексье болду. Беттеште 3:2 эсебиндеги жеңишти Аргентина курамасынын футболчулары майрамдашты.

Фото ЖМКдан. Аргентина Египетти жеңгенден кийин Месси ыйлап жиберди

Месси 79-мүнөттө голдук пас чыгарып берип, 84-мүнөттө гол киргизди.

1/4 финалда Аргентина курамасы Швейцария — Колумбия жубунун жеңүүчүсү менен кездешет.

Футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада 11-июндан 19-июлга чейин өтүүдө. Учурдагы дүйнө чемпиону — Аргентина курамасы.