Метеорологиялык приборлорго 18 миллион сомдон ашык каражат жумшалат

10:10, 07 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат метеорологиялык приборлорду жана жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирет.

Анын маалыматы боюнча, бул максаттарга 18 миллион 551,2 миң сом бөлүү пландалууда.

Сатып алынуучу приборлордун арасында:

  • жаан-чачын өлчөгүч,
  • термогигрометр,
  • буулануу өлчөгүч,
  • кар өлчөөчү рейка жана башкалар бар.

Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 10-июлга чейин кабыл алынат.