09:16, 07 июля 2026, Бишкек - 24.kg
Милициянын полковниги Рались Касанов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Рались Касанов ИИМдин Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары кызматын аркалап келген.
Ал борбордук милициянын жетекчисинин орун басары кызматында иштеген Айбек Ажыбаев пенсияга кеткенден кийин ордуна келди.