09:06, 06 июля 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте аптанын башында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер ушундай алдын ала божомолду билдиришүүдө.
6-июль: Күн ала булуттуу болот. Түнкүсүн +17 градус, күндүз термометрдин көрсөткүчү +34 градуска чейин көтөрүлөт.
7-июль: Аба ырайы булуттуу болот. Түнкүсүн абанын температурасы +18 градус айланасында күтүлөт, күндүз +35 градуска чейин жылыйт.
8-июль: Күн ачык жана ысык болору убада кылынууда. Түнкүсүн +19 градуска чейин, күндүз +35 градуска чейин ысыйт.