08:38, 06 июля 2026, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россиянын Екатеринбург шаарына барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Иш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш технологиялары, санариптик технологиялар, машина куроо жана өнөр жайды автоматташтыруу тармактарында иштеген компаниялар көрсөтүлөт.