08:10, 06 июля 2026, Бишкек - 24.kg
Бразилия курама командасы Норвегиядан жеңилип, футбол боюнча Дүйнө чемпионатынан четтеди. Беттеш Ист-Ратерфорддо (Нью-Джерси штаты) өттү.
Бразилия курамасы Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Норвегияга 1:2 эсебинде сенсациялуу түрдө утулуп, мелдештеги катышуусун аяктады.
Норвегиянын эки тобун тең Эрлинг Холанд киргизди. Ал 79-мүнөттө эсепти ачса, 89-мүнөттө алыстан сокку уруп, дубль жасады.
Биринчи таймда эсеп 0:0 болуп турганда, Матеус Куньяга каршы одоно оюн үчүн Бразилия пенальти тебүү мүмкүнчүлүгүн алган, бирок Бруно Гимараэстин соккусун Норвегиянын дарбазачысы Эрьян Нюланн кайтарып калды. Будан кийин бразилиялыктар чабуулдарын улантышканы менен, атаандашынын коргонуусун бузуп өтө алышкан жок.
Оюндун эң акырында, кошумча убакыттын 10-мүнөтүндө Неймар пенальтиден топ киргизди.
Бразилия — дүйнөнүн беш жолку чемпиону , ал эми Норвегия акыркы он жылдыктарда дүйнөлүк биринчиликтерде ойногон эмес жана эч качан 1/8 финалдан ары өткөн эмес. Командадагылар турнирге жолдомо алуунун өзү эле чоң жетишкендик болгонун айтышкан.
12-июлда 1/4 финалда норвегиялыктар Мексика менен Англиянын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен ойношот.