ЖК төрагасы: Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү керек

14:47, 24 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда президентин шайлоо 27-январда өтүшү керек деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештинин жыйынында парламенттин спикери Марлен Маматалиев.

Анын айтымында, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, мамлекет башчысын шайлоо 2027-жылдын январь айынын акыркы жекшембисинде өтүшү керек болчу.

«Бүгүн биз шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алдык, ага ылайык шайлоо 2027-жылдын январь айынын акыркы шаршембисинде, тагыраагы 27-январда өтөт. Кабыл алынган мыйзам долбоорунун максаты — шайлоодогу кворумду, шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу. Өзүңүздөр билгендей, Бишкек шаарында адатта шайлоого катышуу абдан төмөн — 15 пайыздан ашпайт», — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

Ал ошондой эле процедура боюнча президент тиешелүү мыйзам долбооруна кол коюшу керектигин жана ушундай жол менен шайлоо күнү бекитилерин белгиледи.