11:11, 24 июня 2026, Бишкек - 24.kg
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 7 миңден ашык бир жолку дозадагы синтетикалык баңгизаттын таралышына бөгөт коюп, аны сатууга шектүү жаранды кармашты.
ИИМден билдиришкендей, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 22 жаштагы Э.Н.Б. аттуу жаран кармалган. Аны өздүк тинтүүгө алган учурда жанынан 3 граммга жакын гашиш табылган.
Андан соң ыкчам кызматкерлер шектүү жаран ичине жашыруун жай жасалган кир жуугуч машина менен кошо келген посылканы алганын аныкташкан. Турмуш-тиричилик техникасын кароо учурунда милиция кызматкерлери бир килограммдан ашык психотроптук затты табышкан.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалган жаран «К» деп аталган интернет-дүкөндүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды кабыл алуу, сактоо, таңгактоо жана жашыруун жайлар аркылуу таратуу менен алектенип жүргөн.