ЖК комитети Алмаз Калыбаевдин Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин жактырды

15:05, 23 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин комитети Алмаз Калыбаевдин КР Жогорку сотунун судьялыгына талапкерлигин жактырды. Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңештинин Сот-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев белгилегендей, Алмаз Калыбаев 1976-жылы туулган, тажрыйбалуу юрист.

Ал 2025-жылдын мартынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы болуп иштеп келет.

Депутаттар анын чоң иш тажрыйбасын белгилеп, талапкерлигин колдоп беришти.