14:05, 23 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Чүй дарыясында 124 кооптуу тилке аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдын 15-июнунда Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасындагы дарыялардын жээктеринин жирелишине байланышкан кырсыктардын алдын алуу жана тобокелдиктерин азайтуу маселелери жөнүндө» токтому кабыл алынган.
«Ага ылайык, чек арадагы дарыялардын жээктерин бекемдөөгө жыл сайын 300 миллион сомдон, анын ичинен 200 миллион сому Чүй дарыясына бөлүнүшү керек болчу. Бирок каралган каражат толук көлөмдө бөлүнбөгөндүктөн, пландаштырылган иштердин баары аткарылган эмес. Бул жылы өлкө башчысы өзү дарыялардын жээктеринин жирелиши маселесине чоң көңүл буруп, Турукташтыруу фондунан 395 миллион сом бөлүп берди. Мындан сырткары, тескемеге ылайык, 2033-жылга чейин жээктерди бекемдөө иш-чараларына жыл сайын 500 миллион сомдон бөлүнүп турат», — деп белгиледи Нурбек Жумалиев.
Ал кошумчалагандай, буга чейинки башкы схемага ылайык, Токмок шаарынан тартып Сокулук районунун Камышановка айылына чейинки дарыянын 182 чакырымдык нугу изилденген.
«Анын жыйынтыгында жалпы узундугу 47,5 чакырымды түзгөн 124 кооптуу тилке аныкталды. Жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 миллиард 107 миллион сом талап кылынат», — деди Нурбек Жумалиев.