08:25, 23 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалдык баскычынын экинчи турунун алкагында өтө турган Португалия — Өзбекстан беттешин онлайн көрсөтүү үчүн күйөрмандар аймагы уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн чоң экран орнотулуп, каалоочулардын бардыгы оюнду биргеликте көрүп, майрамдык маанайда командаларды колдой алышат.
Саат 21:20да кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда көңүл ачуучу программа башталат. Саат 22:00дөн 23:00гө чейин оюн боюнча комментарийлер коштолгон түз эфир көрсөтүлөт. Беттештин башталышы — саат 23:00.
Иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу Орозбеков жана Абдымомунов, Орозбеков жана Фрунзе, Раззаков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиштеринде, ошондой эле Абдымомунов көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Улуттук тарых музейине чейинки бөлүгүндө автотранспорттун кыймылы убактылуу чектелет.