Бүгүн Бишкектин бир бөлүгү суусуз калат. Көчөлөрдүн тизмеси

08:05, 23 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 23-июнда Бишкектин бир катар аймактарында ичүүчү суу дээрлик тогуз саатка өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, бүгүн эртең мененки саат 9.00дөн кечки 18.00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, ишканаларга жана башка объекттерге суу берүү токтотулат.

Суу убактылуу өчүрүлө турган аймактар:

  • Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймак;
  • «Алтын Ордо» конушу;
  • «Кара-Жыгач» конушу;

Убактылуу ыңгайсыздыктар «Контррезервуарлар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу болууда.

Шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранышат. Ошондой эле «Бишкексууканал» ишканасы пландалган жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды «Мой город» мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болорун эскертет.