07:45, 23 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси дүйнө чемпионаттарындагы 18-голун киргизди. Бул окуя 2026-жылдагы дүйнөлүк биринчиликтин J группасынын 2-турундагы Аргентина жана Австрия курама командаларынын ортосундагы беттеште орун алды. Оюн АКШнын Техас штатындагы Арлингтон шаарында жайгашкан «Эй-Ти-энд-Ти» стадионунда өттү.
Беттеште Аргентина курамасынын футболчулары 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Эске салсак, футбол боюнча 2026-жылдагы Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө. Учурдагы дүйнө чемпиону — Аргентина курама командасы.