Ноокатта жер семирткич чыгаруучу завод сыноодон өткөрүлдү

12:42, 23 июня 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын 18-июнь күнү Ош областынын Ноокат районунда жайгашкан жер семиркич чыгаруучу завод эксплуатацияга берилгенге чейинки соңку сыноодон өткөрүлдү. Ошентип гумин негизиндеги аралаш жер семирткичтерди чыгаруу боюнча кубаттуулугу жылына 100 миң тоннага чейин жете турган завод расмий пайдаланууга берилгенге чейин чийки заттардан продукция өндүрүп, алгачкы продукциясын даярдап көрдү.

Сыноодо чийки затты жүктөгөндөн кийинки иш текшерүүгө алынып, анын жыйынтыктары күтүп жаткан натыйжаларга төп келди. Заводдун директорунун айтканына караганда, өндүрүш зарыл болгон шарттардын баары менен толук камсыздалып, кайсы учурда болбосун ишти толук кандуу баштап кеткенге даяр.

«Бүгүнкү жабдууларды сыноодон өткөрүү абдан ийгиликтүү болду. Чийки зат келгенден кийин, ишкана ушул жылдын август айында эле туруктуу өндүрүштү баштайт деп пландалууда.

Завод ишке киргизилгенден кийин, анын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана фермерлерди колдоого олуттуу оң таасирин тийгизет, агрардык өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт жана Кыргызстандын экспорттук дараметин арттыруунун эсебинен чоң экономикалык пайда алып келет», — деп билдирди Hebei Baidoujia Fertilizer Co., Ltd. компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, заводдун директору Лю Бинлинь.

Фото компаниянын. Hebei Baidoujia Fertilizer компаниясынын директору Лю Бинлинь

Бул кыргыз заводунун долбооруна 2023-жылдын май айында «Кытай — Борбор Азия» Саммитинде мамлекет башчыларынын катышуусунда кол коюлган. Долбоордун шарттары боюнча эксплуатацияга берилгенден кийин отуз жыл өткөн соң Кыргыз өкмөтүнө толугу менен кайтарылып берилет.

Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

«Айыл-чарбасына өтө керек. Буга чейин дыйкандарыбыз жер семирткичтерди сырттан ташып келишкен . Буюрса завод ишке кирсе 3 миң кишиге жумуш орду түзүлүп, биздин тургундар иштейт. Ашканы экспортко чыгат», — дейт Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары Мамажунус Абилов.

компаниянын. Быйыл ишкана жылына 300 миң тоннага чейин жер семирткич өндүрүү күтүлүүдө
2024-жылдын ноябрь айында заводдун керектүү жабдууларынын биринчи бөлүгү Кытай Эл Республикасынан алып келинген эле. 2025-жылы аларды орнотуу жана тиешелүү сыноолор өткөрүлдү. Учурда экинчи жана үчүнчү өндүрүштүк линиялардын курулушу уланууда.

Ушул жылы эле завод 300 миң тоннага чейин минералдык аралаш жер семирткич чыгарууга камынууда. Мындай көлөм Кыргызстандын жер семирткичтерге болгон талабын чоң таасирин тийгизип, айыл-чарба тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт дешет.

Соңку сыноону өткөрүүгө кытайлык өнөктөш компаниянын өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер жана башка атайын чакырылган коноктор дагы катышышты.