Пайдалуу кеңеш: Окумуштуулар жүрөк саламаттыгын колдой турган жемиштерди аташты

12:42, 22 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кара жүзүм менен черниканы дайыма жеп туруу жүрөк-кан тамыр системасынын саламаттыгын колдоого жардам берет жана кан тамырлардын абалын жакшыртат. Бул тууралуу акыркы он жылдыктагы байкоолордун жыйынтыгын талдоого алган «Nutrients» илимий журналына шилтеме берүү менен «Лента.ру» билдирди.

Аталган жемиштердин курамындагы полифенолдор, антоциандар жана ресвератрол «жаман» холестериндин деңгээлин төмөндөтүп, сезгенүү белгилерин азайтары аныкталган. Бул жемиштерди колдонуудан өзгөчө байкалган коргоочу таасир ашыкча салмактан жабыркаган, кан басымы жогору жана метаболизмдик синдрому бар адамдарда байкалат.

Фото

Адистер кочкул түстөгү жүзүм сорттору дары-дармектерди алмаштыра албасын баса белгилешет. Ошону менен бирге, алар жүрөк ооруларынын алдын алууда дени сак тамактануунун маанилүү бөлүгү болуп кала берет.