10:05, 22 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө аймагында кеңири масштабдуу алдын алуу рейдин өткөрүштү. Анын жыйынтыгында Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 3 миң 704 протокол түзүлдү.
Эң олуттуу эреже бузуу катары унааны мас абалында башкаруу катталды. Текшерүү учурунда инспекторлор спирт ичимдигин ичип алып рулга отурган 85 айдоочуну кармашты.
Аныкталган башка негизги эреже бузуулар:
Ошондой эле, Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 352 автоунаа айып короосуна токтотулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга жол эрежелерин так сактоону, мас абалында рулга отурбоону жана жолдогу коопсуздукка жоопкерчиликтүү мамиле кылууну дагы бир ирет эскертет.