Мектепке кабыл алуу: Биринчи класска 113 миңден ашык бала катталды

09:15, 22 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 113 миңден ашык бала биринчи класска жазылды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.

Бишкек шаарында 22,4 миңге жакын бала окууга кабыл алынды. Алардын ичинен 11,7 миң орун кыргыз тилинде окуткан класстарга, 10,6 миңден ашыгы орус тилинде окуткан класстарга туура келет. Борбор калаада дагы 4 миң бош орун бар.

Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына каралган квотанын жалпы саны — 192,3 миң. Учурда 79 миң орун бош турат.

Эске салсак, биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап микроаймак боюнча жүргүзүлсө, учурда катталган дарегине карабастан, бош орундары калган мектептерге катталууга мүмкүнчүлүк бар.

Биринчи класска 2019-жылы жана 2020-жылы туулган балдар кабыл алынат.