Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург университетинин ардактуу доктору болду

16:44, 19 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин ардактуу доктору наамы тапшырылды.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев бул жогорку окуу жайы менен анын өмүрүндө жана кесиптик калыптануусунда маанилүү баракчалар байланышканын айтты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург университетинин ардактуу доктору болду
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1984-жылы дал ушул Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

Белгилей кетсек, минкаб жетекчиси Россияга болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде «Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү» темасында лекция окуду.