Албания президентине Ысык-Көлдө этномаданий программа көрсөтүлдү

15:04, 19 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай бүгүн, 19-июнда анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад» амфитеатрында өттү.

Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү.

Президенттин басма сөз кызматы. Албаниянын президенти жана биринчи айымына Ысык-Көлдө этномаданий программа көрсөтүлдү

Андан соң конокторго кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурастарын чагылдырган инсталляциялар, анын ичинде кол өнөрчүлүк чеберканалары, көчмөндөрдүн салттуу турмуш-тиричилиги жана боз үйдүн жасалгасы көрсөтүлдү.

Этномаданий программа жаа атуу, каскадер атчандардын парады, куш салуу жана байыркы тукумдагы тайгандардын жарышы сыяктуу салттуу мелдештерди көрсөтүү менен аяктады.