Дүйнө кубогу: Кыргызстандык мушкер Ыктыяр Нишанов жеңиш менен баштады

07:40, 18 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кытайдын Гуйян шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда Кыргызстандын мушкери Ыктыяр Нишанов алгачкы беттешин ийгиликтүү өткөрүп, жеңишке жетти. Бул тууралуу Бокс федерациясы билдирди.

Нишанов 70 килограмм салмакта күч сынашууда.

Эскерте кетсек, Дүйнө кубогу 15-июнда старт алды.