07:12, 18 июня 2026, Бишкек - 24.kg
2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Эң жогорку упайды Нарын облусундагы Жүндүбаев атындагы мектептин окуучусу жана Баткен облусундагы мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү (ар бири 239 упайдан) топтошкон. Алтын сертификаттын калган ээлери 236дан 230га чейин упай алышкан.