13:29, 16 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2026-жылдын январь-май айларына чейинки мезгил аралыгында Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарын чыгарды.
Отчеттук мезгилде жалпысынан 9 миллиард 458 миллион сом инвестицияланган. Анын ичинен мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) жылдык кирешелүүлүгү 12,86-16 пайызды түзгөн 7 миллиард 758 миллион сом, ал эми коммерциялык банктардагы депозиттерге жылдык кирешелүүлүгү 11,3-14,3 пайыз менен 12 жана 18 айлык мөөнөткө 1,7 миллиард сом жайгаштырылган.
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешенин жалпы суммасы 3 миллиард 19,7 миллион сомду түздү.
Негизги булактар: