Кыргызстандык мугалимдер КМШ өлкөлөрүнүн программасы боюнча окутулат

13:05, 16 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети 2015-жылы Казакстандын Бурабай конушунда кол коюлган КМШ өлкөлөрүнүн жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө макулдашууну жактырды.

Документ Шериктештик мамлекеттеринин мектеп мугалимдерин даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндөгү кызматташтыгын өнүктүрүүнү, билим берүү программалары, окутуу усулдары жана педагогдорду кесиптик жактан даярдоо тажрыйбалары менен алмашууну караштырат.

Токтомго ылайык, КР Агартуу министрлиги макулдашууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталды.

Тышкы иштер министрлигине Кыргызстан тарап макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык мамлекеттик ички жол-жоболорду аяктагандыгы тууралуу КМШнын Аткаруу комитетине маалымдоо тапшырылды.

Документте белгиленгендей, макулдашуу КМШ өлкөлөрүнүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигин өнүктүрүүгө, педагогдордун кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө жана мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Токтом жети күндөн кийин күчүнө кирет.