12:04, 16 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Дарыгер-гастроэнтеролог Сергей Вялов түнү тамак жесе болорун, мунун баары конкреттүү адамдын активдүүлүк режиминен көз каранды экенин билдирди.
Адис буга мисал катары түнкү нөөмөттө иштеген адамдарды атады. Сергей Вяловдун айтымында, алар түнкүсүн тамактана алышат жана тамактанууга тийиш.
«Башкы эреже — уктаарга чейин, тагыраагы жатканга чейин бир жарым саат калганда тамак жебөө керек. Тамактангандан кийин жатууга чейин бир аз убакыт өтүшү зарыл», — деп жазды ал өзүнүн Telegram-каналында.