Креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү

08:45, 16 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров кол койгон салык системасын өркүндөтүүгө багытталган Жарлык өлкөдөгү креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө кошумча шарттарды түзөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Документке ылайык, кинофильмдерди жана телеберүүлөрдү өндүрүүчүлөргө, программалык камсыздоолорду иштеп чыгуучуларга, жасалма интеллект багытындагы долбоорлорго, стартаптарга, санариптик платформаларга, блогерлерге жана чыгармачыл индустриялардын өкүлдөрүнө салыктык жеңилдиктер каралган.

Маданият, кино жана чыгармачылык сектор үчүн бул чечим өзгөчө мааниге ээ. Алдыдагы беш жыл аралыгында тармактын өкүлдөрү өз каражаттарын жаңы долбоорлорду ишке ашырууга, заманбап техникаларды алууга, адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жакшыртууга багыттай алышат.

Бүгүнкү күндө креативдүү экономика дүйнөлүк экономиканын эң динамикалуу өнүгүп жаткан багыттарынын бири болуп саналат. Кино, анимация, музыка, дизайн, санариптик контент жана жаңы медиа тармактары мамлекеттердин экономикалык өсүшүнө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине жана эл аралык аброюнун жогорулашына олуттуу салым кошуп келет.

Кыргызстан чыгармачыл жана интеллектуалдык потенциалы жогору өлкөлөрдүн катарына кирет. Ата мекендик режиссёрлор, сценаристтер, продюсерлер, актёрлор, дизайнерлер, музыканттар, IT-адистер жана жаш ишкерлер дүйнөлүк рынокто атаандаша ала турган сапаттуу продуктуларды жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кабыл алынган чаралар ата мекендик киноиндустриянын өнүгүшүнө, чыгармачыл долбоорлордун көбөйүшүнө, жаңы технологиялардын киргизилишине, инвестициялардын тартылышына жана Кыргызстандын креативдүү экономикасынын эл аралык деңгээлдеги атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги чыгармачыл индустрияларды колдоо, улуттук контентти өнүктүрүү жана креативдүү экономиканын потенциалын кеңейтүү багытындагы иштерди мындан ары да улантат.