07:45, 16 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Эл аралык спорттук изилдөө борборунун (CIES Football Observatory) акыркы жарыялаган рейтингине ылайык, испаниялык вундеркинд Ламин Ямаль дүйнөдөгү эң кымбат футболчу деп таанылды. Бул тууралуу чнт элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
«Барселонанын» 18 жаштагы вингери эң жогорку трансфердик баасы бар 100 оюнчунун тизмесин баштады — анын баасы 358,1 млн еврону түзүп, атаандаштарынан кыйла алдыга озуп кетүүгө мүмкүндүк берди.
Ошондой эле ТОП-20га Майкл Олисе (140,5 млн евро), Морган Роджерс (136,8 млн евро), Дезире Дуэ (133,2 млн евро), Кенан Йылдыз (133 млн евро), Арда Гюлер (124,8 млн евро), Флориан Вирц (124,1 млн евро), Педри (120,6 млн евро), Джуд Беллингем (120,3 млн евро) жана Букайо Сака (111,2 млн евро) кирди.
Позициялар боюнча лидерлердин арасында дарбазачылардан Джанлуиджи Доннарумма, борбордук коргоочулардан Пау Кубарси, капталдагы коргоочулардан Нико О’Райли, борбордук жарым коргоочулардан Педри, ал эми чабуулчу жарым коргоочулардан Арда Гюлер биринчи орунду ээледи.