Бишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газы болбойт

17:06, 12 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Орто жана төмөн басымдагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу 16-июндан 19-июнга чейин Бишкектин бир бөлүгүндө «көк от» берилбейт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, газ өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот:

Жукеев-Пудовкин, Токомбаев, Сухэ Батор, Юнусалиев жана Безымянная.

«Бишкекгаз» жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнү өтүнөт.