17:30, 12 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 13-июнда күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +15...+20 күндүз +30...+35
Таласта түнкүсүн +12...+17 күндүз +26...+31
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21 күндүз +29...+34
Ысык-Көлдө түнкүсүн +10...+15 күндүз +21...+26
Нарында түнкүсүн +8...+13 күндүз +18...+23
Бишкекте түнкүсүн +17...+19°, күндүз +30...+32° болот.