15:39, 12 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги «Ынтымак-2» сейил багында эртең, 13-июнда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салтка айланган кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси өтөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан өлкөдө аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен уюштурулууда.
Жарманкенин коноктору дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн маданияты менен таанышып, улуттук сувенирлерди, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып ала алышат, ошондой эле салттуу тамак-аштардан жана суусундуктардан даам тата алышат.
Товарларды сатуудан түшкөн бардык каражаттар кайрымдуулук максаттарына жумшалат.